USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз-кытай бизнес-форумунун алкагында 25 документке кол коюлушу күтүлүүдө

15:39, 13 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-кытай бизнес-форумунун алкагында 7,5 миллиард долларлык 25 документке кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Инвестицияларды коргоо жана алдыга жылдыруу агенттигинин башчысы Шумкарбек Адилбек уулу журналисттерге билдирди.

Айтымында, иш-чарага 100гө жакын ар кандай тармактагы кытайлык компаниялардын өкүлдөрү келишкен. Даярдыктар 2-3 айга созулган.

Жыйынтыгында айыл чарба, азыктарды кайра иштетүү, оор өнөр жай, тоо-кен казынасын иштетүү, электромобилдерди чогултуу, билим берүү жана социалдык турак жай тармагында документтерге кол коюлмакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18