USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Си Цзиньпинге 1-даражадагы «Манас» ордени тапшырылды

12:20, 13 июня 2019, Бишкек - 24.kg

КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге 1-даражадагы «Манас» ордени тапшырылды. Тапшыруу аземи Кытай менен Кыргызстандын башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин орун алды.

«Сиз эки тараптуу стратегиялык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чон салым коштуңуз. Кыргызстанды колдогонуңуз үчүн ракмат», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Кытайдын төрагасы сыйлыкты жогору баалай турганын айтты.

«Президент мага 1-даражадагы «Манас» орденин ыйгарды. Бул кыргыз элинин кытай элине болгон сый-урматын билдирет. Мындан ары эки тараптуу өнүгүүгө дагы көп күч жумшайм», -деди Си Цзиньпин.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18