USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Москвадагы мигранттар «День России» майрамына катышышты

09:52, 13 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Москвадагы мигранттар «День России» майрамына катышышты. Бул тууралуу Россияда иштеген мекендештер маалымдашты.

Алардын билдирүүсүндө, кыргыздар Москва шаарынын ВДНХ паркында өткөн салтанатка катышты.

«Майрамдык салтанатта ар улуттар өздөрүнүн майрамдык программасын тартуулашып, көптүн катарында Москва шаарындагы кыргыз маданий борборунун чыгармачыл жамааты дагы өзгөчө маанай тартуулай алды десем жаңылышпайм. Өзгөчө экендигин биздин таланттуулардын ар бир аткарган ыр, бийлерин тамшана жана таңдана тиктеп шатырата алакан чаап, бизди курчап турган эл тастыктап турду», — дейт Аскат Турдашов.

Кыргыз диаспорасы Сергиев Посад шаарында өткөн «Русский мир» фестивалына катышты. Анда боз үйлөр тигилип, Көк бөрү, кыз куумай өткөрүлдү.

12-июнда Россия эгемендүүлүгүн белгилейт. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18