USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий сапары башталды

09:27, 12 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан сырткары, ал Монголиянын Бишкекте эчилигин ачып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18