USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

16:06, 11 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Бул маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева тастыктады.

Айтымында, каза болгон келин 13 айлык кош бойлуу кезде каттоого алынган. Ал 8-июнда саат 9:10до тондун челинин эрте айрылуусу белгилери менен келип түшкөн.

«Баланы ама-эсен Апгар шкаласы боюнча 7-8 балл менен 3 килограмм 250 грамм салмакта төрөгөн. Бирок, көп өтпөй кыйынчылык жаралып, келин каза болуп калды. Себебин айта албайм, кызматтык иликтөө жүрүп жатат», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18