USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мурунку мэрлердин соту. Туугандары менен сот аткаруучулар арасында уруш чыкты

10:59, 11 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери боюнча соттук процесс уланууда.

Отурум баштала электе залда жактоочулардын бири жок экени маалым болду. Судья Кубанычбек Касымбеков жарым сааттык тыныгуу берди.

Тыным маалында соттолуучулардын жакындары менен сот аткаруучулары арасында уруш чыкты.

Залда келгендердин баарына эле орун жете берген жок. Конвой жана сот аткаруучулары бош турган отургучка келгендерди өткөрүшкөн жок. Алар отургучтар жактоочу жана соттолуучулар отурат деп билдиришти.

Экинчи тарап нааразы болуп, чакан имарат- бул соттордун көйгөйү экенин айтышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18