USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Валентина Шевченко Чикагодогу мушташы үчүн канча акча алары белгилүү болду

09:53, 11 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Мушкер Валентина Шевченко Чикагодогу мушташы үчүн 300 миң доллар алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал америкалык мушкер Жессика Айды нокаутка кетирип, мыкты баага татыды.

Мыкты оюну үчүн жалпысынан 300 миң доллар алат. Атаандашы Жессика Айдын гонорары 130 миң долларга жетти.

«UFC 238» мелдеши АКШнын Чикаго шаарында өттү. Анда Кыргыз мушкери АКШлык Жессика Айды 2 раундда нокаутка учуратып, эң жеңил салмактагы UFC`нин чемпиондук курун коргоп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18