USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Арал айылында 15 жаштагы кыз муунуп каза болду

14:34, 07 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Арал айылында 15 жаштагы кыз муунуп каза болду. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнда РИИБга аймактык ооруканадан өзүнө кол салып каза болгон кыз тууралуу билдирүү келген. Өспүрүм кызды айылдагы үйлөрдүн короосунан табышкан.

«Кыздын денеси бакта асылып турган жеринен табылды. Ал 15 жаштагы М.М. болуп чыкты. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө», -деп билдиришти ОИИББдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18