USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жыл башынан бери Балдар үчүн ишеним телефону борборуна 47 миң 726 чалуу түшкөн

14:45, 04 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Балдар үчүн ишеним телефону-111 борборуна 47 миң 726 чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын арасынан 799 киши кеңеш жана жардам сурап кайрылышкан.

Аталган борбордун директору Марина Жапаркулованын айтымында, жарандар үй-бүлөлүк мамилелер маселеси жана чыр-чатактар боюнча кайрылышкан. Мындан тышкары үй-бүлөдөгү зомбулук, ата-энелер менен балдардын мамилеси, окуучулар менен мугалимдин ортосундагы мамиле, билим берүү жана медициналык камсыздоо, интернет оюндарынын жайылышы сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылгандар болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18