USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

АКШга виза алуу эрежелери катаалдашты

08:49, 03 июня 2019, Бишкек - 24.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык виза алуунун жаңы шарттарын иштеп чыкты.

Ага ылайык, эми АКШга виза алууну каалагандар социалдык түйүндөрдөгү аккаунттары тууралуу маалыматтарды көрсөтүп, акыркы беш жылдагы телефон номурларын айтышы керек болот.

Мекеме мындай чараны өлкөгө киргиси келген «террорчуларды жана башка кооптуу адамдарды аныктоо» зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Мамдепартаменттен билдиришкендей, виза алыш үчүн кайрылган адам социалдык түйүндөрдө баракчалары жок экенин билдире алат, бирок текшерүүнүн жыйынтыгында маалыматы жалган экени аныкталса, анын «кесепети оор болот».

Буга чейин социалдык түйүндөрдөгү аккаунттар террорчу топтор иш жүргүзгөн аймакка барган адамдардан гана талап кылынып келген. Мындан ары дипломаттар менен расмий делегациялардан башка бардык адамдар бул жаңы эрежени аткарууга милдеттүү болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18