USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош облусунда 2 миң 313 турак жай ар кандай жаратылыш кырсыктарынан корголду

17:13, 30 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында 2 миң 313 турак жай ар кандай жаратылыш кырсыктарынан корголду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Бул жылы облус боюнча «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш мерчемине жалпы 103 объект каралган. Бүгүнкү күндө, облус боюнча 61 объектте жумуш жүргүзүлдү.

Кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылган иштердин натыйжасында, 1 миң бир кожолук жол каттамы менен камсыз болуп, 2 миң 313 турак жай, 958 гектар айыл чарба жерлери, 10 чакырым ички чарбалык жол, 1 мечит, 1 бала бакча, 2,5 чакырым канал жана 1 көпүрө сел коркунучунан корголду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18