USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министринин инаугурациясына катышат

11:21, 30 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурация аземине катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Индияга учуп кетти.

Андан ары 31-майда Сауд Арабия королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.

Ислам кызматташтык саммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18