USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда уурулукка шектелген тургун кармалды

17:55, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда уурулукка шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран буга чейин соттолгон.

«21-майда Кадамжай шаарынын аймагында катары менен 2 уурулук фактысы катталган. Анда унаалардан жана батирлерден акча жана уюлдук телефондор уурдалган. Аталган окуяларга шектүү катары шаардын 24 жаштагы тургуну колго түштү. Анын буга чейин уурулук жасагандыгы аныкталды», -деп билдиришти РИИБдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18