USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандыктар битир-садаканы «РСК Банктан» которо алышат

10:10, 28 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар Мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине битир-садаканы «РСК Банктан» которо алышат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, КМДБ менен аталган банк Рамазан айында битир-садака берүү үчүн, электрондук системаны иштеп чыгышты. Акчаны мечитке алып келбей, банкомат, терминал же RSK24 «РСК Банк» мобилдик банкинг аркылуу төлөм жүргүзсө болот.

Бул жылы битир-садаканын баасы киши башына 35 сомдон 480 сомго чейин эсептелди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18