USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда 2 миңден ашык киши кызамык менен ооруган

09:07, 28 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда 2 миңден ашык киши кызамык менен ооруган. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, былтыркыга караганда бул жылы кызамык менен ооругандардын саны 17 эсеге өскөн.

Үстүбүздөгу жылы 2 миң 66 учур катталса, былтыр 119 учур каттоодон өткөн.

Мындан тышкары, көк жөтөл менен ооругандар 1,4 эсеге өскөн. Былтыр 83, быйыл 116 учур катталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18