USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте айыппулдарга каршы акция өттү

15:32, 23 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте айыппулдарга каршы акция өттү. Жаңы жол эрежелерине каршы акцияны «Элет көйгөйү» уюму уюштурган. Ага онго чукул айдоочу катышып, Чүй жана Ауэзова көчөлөрүнүн кесилишинен Фучик көчөсүнө чейин барып, айыппулдардын көтөрүлгөнүнө нааразылык билдиришти.

Жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдар быйыл январдан тарта жогорулаган.

Февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоору ишке киришип, башкалаадагы бир катар көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18