USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Маалыматтык технологиялар комитетин башкарууга Дастан Догоев сунушталды

14:24, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кошумчалай кетсек, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке бош кызматтык орунга Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин, үч күндүк мөөнөттө өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18