USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Махабат Мавлянова Гуля Алманбетованы жумуштан алууга каршы

17:44, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетованын ага сөгүнүп жооп бергени үчүн жумуштан алынышына каршы. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин маалымат кызматына билдирди. 

Ал Гуля Алманбетова эмоцияга алдырып жооп бергенин, ал үчүн жакшы адисти кызматтан алуунун зарылчылдыгы жоктугун айтат.

Эскерте кетсек, Махабат Мавлянова кечээ социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыздарды өтө ачык үлпөт көйнөк кийбөөгө чакырган. Ага Гуля Алманбетова сөгүнүп жооп берген. Бүгүн мэрия кеңешчиси үчүн кечирим сурады. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18