USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 2 миң 265 мектеп иштейт

14:34, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2 миң 265 мектеп иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептердин жалпы санынын 1 миң 40ы мамлекеттики, 1 миң 99у муниципалдык, 126сы жеке мектептер. Анда 1 миллион 268 миңден ашуун бала билим алышат.

«Бул жылы 11-классты 50 миңден ашуун окуучу аяктайт, ал эми 9-классты 96 миңден ашуун бала бүтүрөт. Жаңы окуу жылына 150 миңден ашуун 1-класстын окуучуларын кабыл алуу күтүлүүдө, анын 18 миңден ашууну Бишкектин мектептерине барат», -деди министр Гүльмира Кудайбердиева.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18