USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 5 айылдын эли электр жарыгы жок жашайт

14:30, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 5 айылдын эли электр жарыгы жок жашайт. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда маалым болду.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров жарыксыз айылдарды атап бере алган жок. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2 айылга күн нурунан кубат ала турган панелдер орнотулат. Анткени электр жарыгын тартуу өтө кымбат болуп калат.

Жарыксыз жашаган айылдардын катарында Баткен облусундагы Зардалы айылы, Нарындагы Кең-Суу, Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Бейит жана Жаз-Кечүү айылдары бар. Бешинчисин энергосектордун өкүлдөрү эстей албай коюшту.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18