USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Араванда 150 боо пахта сабагы жана 1 тонна чөп күйүп кетти

11:15, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Араван районунда жыгач устундуу шифер жабылган бастырма күйгөн. Анда анын 40 чарчы метр чатыры, 150 боо пахта сабагы жана 1 тонна чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам келип чыккан.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Өлөң айылында камыш өрттөндү.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Боз-Бармак тилкесинде болгон. Анын кесепетинен ачык аянтта 2 гектар куураган чөп, камыш күйгөн.

Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18