USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектеги музейлер саат кечки 5тен 22:00гө чейин иштейт

10:45, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектеги музейлер саат 17ден 22ге чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келген меймандарга белгилүү инсандардын жашоосу жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, кызыктуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Бул күнү төмөнкү даректердеги музейлер ачык болот:

— Ольга Мануилованын мемориалдык үй музейи, Тыныстанов көчөсү, 108, телефон 0312661174,

— С. А. Чуйков мемориалдык үй музейи, Чуйков, 87, телефон 0312303364,

— С. Чокморовдун музей чеберканасы, Токтогул, 170, телефон 0312884611.

Бүгүн «Музей түнү» иш чарасы өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18