USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 222 бейтап кайрылган

10:15, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (16.05.19ж.) 222 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 132си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 64ү ооруканага жаткырылган, алардын 44ү жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 38 адам кайрылса, алардын 17и ооруканага жаткырылып, 21 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 43 адам кайрылса, 21и ооруканага жаткырылган», -деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18