USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан чылым аныкталды

15:48, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан ири партиядагы чылым аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүү маалында акциздик маркасы жок чылымдарды таап чыгышкан.

«3 миң даана Milano Paris чылымы, 162 миң даана Milano New York жана 87 миң даана Milano London чылымы аныкталды. Айдоочу товардын тиешелүү документин көрсөтө алган жок. Товардын жалпы баасы 630 миң сомго бааланды», -деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18