USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды

14:41, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык окуучу химия боюнча мектеп окуучулары арасында өткөн 53-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиада Санкт-Петербургда өткөн. Ага 30дан ашуун өлкөнүн жаш химиктери катышкан.

Кыргызстандын атынан 5 окуучу катышты. Борбор калаадагы № 9 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Мирхад Чекирбаев коло медаль тагынып, калган 4 окуучуга сертификаттар тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18