USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алтынбек Сулайманов Жалил Атамбаевди «Азаттык» менен соттошпоого көндүрдү

16:44, 07 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ишкер Жалил Атамбаевдин «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго каршы доо арызын кайтарып алууга Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов себепкер болду. Бул тууралуу ал өзү инстаграм баракчасында билдирди.

Алтынбек Сулайманов буга чейин сөз эркиндигин жана Ыдырыс Исаковду колдорун айткан.

«Жалил Атамбаев менен жолугушуп, ал кишиге «сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес» деп айттым. Туура кабыл алды. Бүгүн доо арызын артка кайтарды. Бул коомчулуктан жана сөз эркиндигинин жеңиши деп эсептейм», — дейт Алтынбек Сулайманов.

Депутат Жанар Акаев жана бир катар журналисттер Алтынбек Сулаймановго эми Жалил Атамбаевди салыктарды төгүүгө көндүрүүгө чакырышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18