USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сириядан кайткан террорчу кармалды

10:31, 07 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

А.Н. аттуу жаран Сирия-Ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен.

Ал Кыргызстанда кармалып, камоого алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18