USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды

11:58, 02 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды. Мындай демилгени депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Алмазбек Баатырбеков көтөрүп чыгышты.

Жыргалбек Турускуловдун айтымында, бул жылы өлкө аймагында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Саясий ишмердин кичи мекени Нарында Усубалиевдин ысымы аянтка, Кочкордо гүлбакчага берилди.

«Киев же Москва көчөлөрүнүн бирине Усубалиевдин ысымын ыйгарсак жакшы болмок. Бирок, туугандары каршы болуп, мораторийди сыйлай тургандыктарын айтышты», -деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18