USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин айрым мектептерине Чыңгыз Айтматовдун китептери белекке берилди

16:21, 30 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Свердлов районунун мектептерине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 10 томдон турган китептерин белекке берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын күнүнө карата Свердлов районунун «Дордой» конушундагы № 94 орто мектебинде улуу жазуучунун китептери тартууга берилди.

Иш-чарага мектеп жамаатынан тышкары райондук администрациядан өкүлдөр келишти. Аларга концерттик программа туртууланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18