USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте кайрымдуулук веложарыш өтөт

10:22, 30 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА

12-майда балдар үйүнүн тарбиялануучуларын колдоо максатында, кайрымдуулук веложарыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар 24.kg агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 8-май- Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай күнүнө карата уюштурулууда.

Саат 10до башталган иш-чаранын жүрүшүндө веломарафон уюштурулуп, андан келип түшкөн каражат балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн Токмоктогу социалдык борборуна берилет. Жарыштын катышуучулары Түштүк Дарбаза эс алуу жайынан баштап эски аянтка чейин велосипед тээп келишет.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18