USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек соту ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталгандарды камакта калтырды

08:34, 30 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек соту ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталгандарды камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Бишкектеги ЖЭБди модернизациялоо боюнча коррупция үчүн айыпталуучуларды камакта калтырууну чечти. 

Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко арыз менен кайрылып, алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Адвокаттар эми Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18