USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чек арада 28 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып келген жаран кармалды

13:42, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Талас облусуна караштуу Манас районунда кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 28 тонна күйүүчү-майлоочу май табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «DAF-95 XF 430» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан. Жүктүн документтеринде бензанол деп жазылганы менен унаада 28 тонна бензин алынып келе жатканы аныкталды.

Окуяга шектүү катары Кыргызстандын 1978-жылы туулган жараны Э.Ш. кармалып, мунайзат менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18