USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Инженердик оңдоо иштерине байланыштуу, Бишкектин эки көчөсү жабылды

09:04, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Инженердик оңдоо иштерине байланыштуу, Бишкектин эки көчөсү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Киев көчөсүнүн Үмөталиев менен Шевченко көчөсүнө чейинки бөлүгүнө кечээтен тарта чектөө киргизилди. Аталган аймакка суу жана жылуулук түтүктөрү жаткырылат.

Иштер 10-майга чейин созулмакчы.

Мындан сырткары, Ажыбек баатыр көчөсүнүн Шота Руставелиден Жунусалиевге чейинки бөлүгү ушул эле себептерден улам жабылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18