USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Табигый кырсыктардын алдын алуу. Баткенде сай, суу жээктери бекемделүүдө

15:04, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда табигый кырсыктын айынан кооптуу табылган объектерде алдын-алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. 

Маалым болгондой, Лейлек айыл аймагындагы Коргон айылынын КурбаналыСабыров орто мектебинин жанында жайгашкан сел өтүүчү сайдын 150 метр аралыкты механикалык ыкма менен жээктерин бекемдөө жана тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

Исфана шаарындагы Ак-Булак айылында сел өтүүчү сайдын 40 метр аралыкта жээгин бекемдөө жана тазалоо иштери аяктады. 

Мындан сырткары Самаркандек айыл аймагынын Жаны-Бак айылында Топ-Терек келечек участкасында сел өтүүчү сайдын 1000 метр аралыкты жээгин бекемдөө жумуштары улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18