USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өкмөт аскердик кийимдерди чыгарган ишканаларды колдоого алат

10:04, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Өкмөт аскердик кийимдерди чыгарган ишканаларды колдоого алат. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиричилик тейлөө мамлекеттик комбинатынын иши менен танышуу учурунда айтылды.

Белгилей кетсек, комбинаттын негизги милдети — Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин камсыз кылуу үчүн аскер кийимин жана башка формалык кийимдерди үзгүлтүксүз тигүүнү уюштуруу.

Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча таасирдүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул жумуш орундарын түзүүнү, жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү жана социалдык маселелерди чечүүнү шарттайт.

Өкмөт башчысы сапаттуу аскер кийимин, жарак-жабдыктарды жана бут кийимдерди атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга бардык зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18