USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кремлде Тажикстан жарандарын Орусияга иштөө үчүн жөнөтүү келишимине кол коюлду

08:42, 18 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

17-апрелде Кремлде Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 17 документке кол коюлду, алардын арасында Душанбе, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларына орус тилдүү мектептерди куруу жана билим берүү мекемелерин материалдык-техникалык жактан жабдуу, убактылуу иштөө үчүн Орусияга Тажикстан жарандарын жөнөтүү келишимдери бар.

​Эмомали Рахмон журналисттер үчүн билдирүү жасаган учурда тажик-орус сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Ал акыркы жылдары Орусияга иштөө үчүн жөнөгөн тажик эмгек мигранттарынын саны азайып баратканын айтты.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапары маалында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» оппозициялык тобунун эки тарапкери 17-апрелде Кремлдин жанына акцияга чыгышты. Алардын бири колуна «Эмомали Рахмон — Борбор Азиядагы диктатор» деген жазууну кармап, экинчиси Тажикстанда камакта отурган «саясий туткундардын» баарын бошотууну талап кылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18