USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УКМК 80 килограммдан ашык баңги заттарды жок кылды

14:19, 17 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

80 килограммдан ашык баңги заттарды жок кылынды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 14 кылмыш ишинин далили катары алынган, жалпы салмагы 81 кг түзгөн баңги заттарын жок кылынды. 48 кг героин, 33 кг гашиш «Бишкекжылуулукэнерго» комуналдык ишканасынын от казанына жагуу жолдору менен жок кылынды.

УКМКнын маалыматында, 2014-жылдан бери 1,5 тоннадан ашык баңги заты, (анын ичинен героин — 696 кг 506 гр, гашиш — 490 кг 652 гр, марихуана — 280 кг 260 гр, афган чарсы— 27 кг 581 гр, опий — 27 кг 400 гр), 1085 психотроптук заттар жана 160 грамм Альфа ПВП синтетикалык психосимулятору мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18