USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлуп, кооздоло баштады

10:39, 17 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекеме-ишканалардын сырткы дубалдары ар кандай түстөргө боёлуп, кооздоло баштады. Бул боюнча мэрия маалымдайт.

Ленин, Курманжан датка, Масалиев көчөлөрүндөгү ондон ашуун көп кабаттуу үйдүн, жыйырмадан ашуун мекемелердин сырты боёлду. Андан тышкары, Кулатов кичи районундагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты боёлуп, балдар аянтчасы, жол курулду.

Оңдоо иштерине жашоочулар, мекеме-ишканалар салымын кошууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18