USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Диний аалым Кадыр Маликов абактагы Мурат Суталиновду бошотууну суранат

15:52, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Мурат Суталиновго ырайымдуулук кылып, аны бошотууну суранам», — деп диний аалым Кадыр Маликов сот органдарына кайрылды.

Кадыр Маликов, дин кечиримдүү болууга чакырарын эскертип, өлүм алдында турган адамга гумандуулук көрсөтүүнү суранган.

«Айрыкча шишиктин IV деңгээли менен ооруган адамды кыйноо, шылдыңдоо туура эмес. Биз ансыз деле

сот тутумуна ишенбейбиз, бирок, мен сиздерден адам катары суранып жатам», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын мурдакы төрагасы Мурат Суталиновго ден соолугуна байланыштуу боштондук берүү боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Буга чейин дагы бир нече жолу соттук отурум үзгүлтүккө учураган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18