USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кундуз Жолдубаева, Рыскелди Момбеков КСДПнын төрагасынын орун басары болду

15:37, 12 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын аткаруучу курамында өзгөрүүлөр болду. Бул боюча партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, партиянын төрагасынын орун басары болуп, Сапар Исаков, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева шайланды.

Белгилей кетсек, партиянын төрагасынын мурдакы орун басары Фарид Ниязов бул тизмеде жок. Ал саясый кеңештин жаңы курамына дагы кирген эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18