USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт

12:19, 12 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Азимбек Бекназаров билдирди.

Мыйзам долбоор иштелип чыгып, Юстиция министрлигинен каттоодо өттү.

«27-апрелде экинчи элдик курултай өтөт. Ошол жерде кол топтоону баштайбыз. Конституцияга ылайык 10 миң жаран макулдугун берсе, мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке киргизилет», — дейт Азимбек Бекназаров.

Референдумга үч суроо алып чыгылат: Президенттин, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жылдык отчетун Бүткүл элдик курултайда каралышы жана ага баа берилиши; Президенттик, же парламенттик башкаруубу; Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо системасын өзгөртүү.

Элдик курултай референдумду 2019-жылдыгн 24-ноярында өткөрүүнү сунуштайт.

«Президент Сооронбай Жээнбеков конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы. Ал 2020-жылга чейин өзгөртүүнүн кереги жок дейт. Биз анын позициясын ачык билдиргенин сыйлайбыз. Ушундай ачык айткан саясатчылар менен иштөөгө даярбыз. Бирок, биз 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин конституциялык реформа зарыл деп эсептейбиз», — дейт Азимбек Бекназаров.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18