USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

КСДП «Ата Мекенден» Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн тосмодон алып салууну суранды

11:27, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

КСДП «Ата Мекенден» Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн тосмодон алып салууну суранды. Бул тууралуу социалистер билдиришти.

Алардын маалыматында, «Ата Мекен» партиясынын кеңсесине Кыргызстан социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү келишип, экс-президенттин сүрөтүн алып салууну суранышкан.

«Ата-Мекен» партиясынын Бишкектеги кеңсесинин алдында Алмазбек Атамбаев сүрөтү илинип, анын астында «камалсын» деп жазылган. Атамбаевдин гана эмес, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевдин дагы сүрөттөрү коюлган. Партия аларды дагы жоопкерчиликке тартууну талап кылышат.

«Сүрөт алынбайт жана биз Атамбаевди жоопко тартылышын талап кыла беребиз», — дейт «Ата-Мекен».

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18