USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Токмоктун базарынан 6 көйнөк уурдап кеткен эки аял кармалды

14:21, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Токмокто базардагы контейнерден 6 көйнөк уурдап кеткен эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИББге 28 жаштагы М.С. аттуу аял кайрылып, «Булак» базарында жайгашкан контейнеринен белгисиз адамдар 6 даана көйнөк уурдап кеткенин айткан.

Аталган окуяга шектүү делип эки аял кармалды. Алар 39 жаштагы М.Г. жана 29 жаштагы А.А. болуп чыкты. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18