USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16,8 миллирад кубометрди түздү

10:44, 05 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16,8 миллирад кубометрди түздү. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 930 миллион кубометрге аз.

«Биздин божомолдоо боюнча, суунун көлөмү 2020-жылдын жаз айына чейин жетиштүү болот. Токтогул ГЭСин өчүргөндө, Бишкек ЖЭБи электр энергиясын иштеп чыгаруу режиминде иштеп баштайт», -деди Улуттук энергохолдингдин төрагасы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18