USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын өкмөтү «Газпромдон» башка компаниялар менен дагы иштешүүгө даяр

10:08, 05 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда өлкө рыногуна чыгууну каалаган компаниялар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» менен болгон мамилеге түшүндүрмө берип жатып айтты.

Ал билдиргендей, Кыргызстандын калкынын 30 пайызын газ менен камсыздоо пландалууда.

«Баардык нерсени бир гана «Газпром» компаниясына берип салуу туура эмес дешүүдө, учурда биздин рынокко чыгууну каалаган компаниялар үчүн баардык шарттар бар. Мындай кептерди экономика тууралуу түшүнүгү жоктор айтышы мүмкүн», -деди өкмөт башчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18