USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Микрокредиттик компаниялардын кардарларынын көбү аялдар

11:15, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

2018-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 23 миллиард 1 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, микрокредиттик уюмга 481 миң 900 адам карыз. Алардын 55 пайызы аялдар.

«Микрокредит алуучулардын арасында аялдар басымдуулук кылды. Бирок акыркы беш жылдын аралыгында аялдардын үлүшү 2014-жылдагы 64 пайыздан 2018-жылдагы 55 пайызга чейин кыскарды», — дейт Улуттук статистикалык комитет.

Насыяны көбүнчө Нарын облусунун тургундары алышат. Андан кийин Ысык-Көл жана Ош облустары микрокредиттик уюмдарга кайрылышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18