USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактарга көчөттөр тигилет

09:49, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги «Жашыл долбоордун» алкагында сел жүрүү коркунучу жогору болгон жана эрозияга тушуккан аймактарды коргоо үчүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көчөттөрдү берди. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 13 342 даана көчөт берилди. Терек, кайың, кара жыгач, тал, өрүк, бадам, жапайы алма, алчанын көчөттөрү Жалал-Абад облусуна 1 110 даана, Ош менен Баткен облустарына 4 800, Нарын облусуна 2 632 даана тигилет.

Көчөт жана уруктарды таратуу июнь айынын аягына чейин уланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18