USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбековдун билдирүүсүн «короздонуу» деп эсептейт

11:19, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Мындай «короздонуунун» эч кимге кереги жок деп ойлойм. Сиздерде бүгүн Атамбаевсиз съезд өтүп жатат, ал жактан эле өз билдирүүңүздү айтсаңыз деле болмок», -деди депутат Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбековдун КСДПдан расмий түрдө чыкканына жооп кылып.

Ирина Карамушкинанын айтымында, бүгүнкү күндө башкы жана актуалдуу маселе бул чек ара коопсуздугу. Жарандар аны чечүүнү талап кылышууда.

Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин маалында баары кол кысышып, үн катпай жылмайып, ал кеткенден кийин гана баш көтөрүп жаткандар тууралуу айтып жатканда, төрага Дастан Жумабеков микрофонду өчүрүп койду. Ал темадан алыс чыкпоону эскертти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18