USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү

09:01, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кант шаарынын 24 жаштагы тургуну MAN үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай каршы тилкедеги ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгүн сүзүп токтогон.

Кырсыктан эки айдоочу тең жабыркаган эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18