USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

БАЭнин мураскер ханзадасы Ысык-Көлдө суу астында мейманкана курат

10:17, 01 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Абу-Дабинин 45 жаштагы мураскер ханзадасы Махаммед бин Заид аль-Лактум Ысык-Көлдө суу астында мейманкана курат.

Ал курулушка 22 миллион доллар коротмокчу.

Шейх биринчи жолу Кыргызстанга 2012-жылы келген. Ал отелди Кажы-Сайга жакын жерде курууну пландоодо.

Маалыматка караганда, көлдүн бул аймактагы түбү өтө кооз жана курулушка дагы ыңгайлуу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18